22:44, 20-апрель, 2026

Электромобиль импорттоого берилген квота сентябрда эле бүтүп калышы мүмкүн — аналитиктердин божомолу

На русском
14:16, 20-апрель, 2026 323

АКИpress - Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынтыгы боюнча, 2026-жылы Кыргызстанга 15 миң электромобиль импорттоого квота берилди. Бул тууралуу Президенттик администрациянын басма сөз кызматы билдирген.

Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына ылайык, 15 000 квотанын 20-апрелге карата 6 439 бирдиги колдонулган, бул жалпы көлөмдүн 43%ын түзөт. Жылдын калган 8 айына 8 561 квота калды.

Учурдагы маалыматтарды талдоо менен лимитти колдонуунун суткалык орточо темпи 58–59 унааны түзүп жатканын көрүүгө болот. Бул айына болжол менен Кыргызстанга бажы төлөмү жок 1 750–1 800 электромобиль импорттолуп жатканын билдирет. Салыштыруу үчүн, жыл бою бир калыпта бөлүштүрүүдө айлык темп 1 250 электромобилден ашпашы керек эле.

Учурдагы динамика сактала берсе, 8 561 квотанын калганы 2026-жылдын сентябрь айынын орто ченинде жок калышы мүмкүн.

Муну менен 2025-жылдагы абал кайра кайталанышы мүмкүн. Былтыр кыргыз тарап ЕЭКке кайрылып, анын жыйынтыгында лимит 15 000 бирдикке чейин көбөйтүлгөн. Буга чейин Кыргызстан үчүн жылдык квота 10 миң электромобилди түзгөн. Көлөмдү көбөйтү тууралуу өтүнүч республика мурунку жылдары бөлүнгөн тарифтик жеңилдиктерди толугу менен өздөштүргөндүгүнө байланыштуу канааттандырылган.

Жеңилдик эки түрдүү транспорт каражаттарына жайылтылат:

  • электромобиль;
  • гибриддер.

Бажысыз импорттоо Кыргызстанда туруктуу жашаган жарандарга гана жеткиликтүү. Ошондой эле, ЕАЭБдин башка өлкөлөрүнүн резидентине мындай унааларды менчикке жана пайдаланууга өткөрүп берүүгө чектөөлөр каралган.

Ошол эле чечимдин алкагында төмөнкү өлкөлөргө да квота берилген:

  • Армения — 15 миң унаа;
  • Беларус — 20 миң унаа.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»