05:06, 21-апрель, 2026
Учурда окулуп жатат
17:14, 20-апрель, 2026 (4 адам окуп жатат)
Видео — Бишкекте кыз киши милиция менен мушташты
15:30, 20-апрель, 2026 (3 адам окуп жатат)
«Вазелин» абакта калтырылды
14:55, 19-апрель, 2026 (1 адам окуп жатат)
Мурда алдамчылыкка шектелген аял кайрадан кармалды

«Brent» мунайынын баасы 96 долларга чейин кымбаттады

На русском
13:50, 20-апрель, 2026 302

АКИpress - «Brent» мунайынын баасы баррелине 96 долларга чейин кескин кымбаттады. Бул тууралуу investing.com сайтындагы маалыматтардан белгилүү болду.

Бул өсүш АКШ менен Ирандын сүйлөшүүлөрүнүн болжолдуу токтотулушу, ошондой эле Ирандын кемесинин колго түшүшү тууралуу жаңылыктардан кийин болду.

Буга чейин Ирандын тышкы иштер министринин Ормуз кысыгын толугу менен ачуу тууралуу билдирүүсүнөн кийин мунайдын дүйнөлүк баасы 1 баррелинин баасы 1 айдан ашык убакыттан бери биринчи жолу 90 доллардан арзандаган. 

Буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп Жакынкы Чыгыштагы окуялардан улам дүйнөлүк экономикага келтирилген соккуну моюнга алган.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»