15:48, 20-апрель, 2026
Учурда окулуп жатат
15:21, 20-апрель, 2026 (26 адам окуп жатат)
Элдар Жакыпбеков абакта калтырылды
14:55, 19-апрель, 2026 (11 адам окуп жатат)
Мурда алдамчылыкка шектелген аял кайрадан кармалды
14:13, 20-апрель, 2026 (10 адам окуп жатат)
Кара-Суудагы кырсык 5 адамдын өмүрүн алды

Бишкекте пара талап кылууга шектелген тергөөчү кармалды

На русском
13:34, 20-апрель, 2026 497

АКИpress - Пара талап кылууга шектелип милиция кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

УКМК жана ИИМдин Ички иликтөө кызматы Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү, милициянын капитаны О.А.Ж. борбор калаанын тургунунан 25 миң доллар опузалаганын аныкташкан.

Тергөөдөгү маалымат боюнча, ал бул каражатты алдамчылык фактысы боюнча козголгон кылмыш ишин токтотуу жана шектүүнү издөөдөн чыгаруу үчүн сураган.

Ленин райондук соту 17-апрелде милиция кызматкерин бир айга камакка алуу чечимин чыгарды. Учурда тергөө уланууда.

 

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»