АКИpress - Кыргызстандын спортчулары Кытайда өтө турган Азиянын кум үстүндөгү оюндарына катышат.
Алтынчы ирет уюштурулуп жаткан оюндар 22-30-апрель күндөрү Санья шаарында өтөт. Анда спорттун 15 түрү боюнча эркектер жана кыз-келиндер арасында жалпы 62 медаль топтому ойнотулат.
Кыргызстандын атынан спорттун 9 түрү боюнча 40 спортчу барат.
Учурда Кыргызстандын куржунунда бул оюндарда 11 медаль бар. Алар: 1 алтын, 3 күмүш жана 11 коло.