06:40, 21-апрель, 2026
Учурда окулуп жатат
17:14, 20-апрель, 2026 (11 адам окуп жатат)
Видео — Бишкекте кыз киши милиция менен мушташты
15:21, 20-апрель, 2026 (1 адам окуп жатат)
Элдар Жакыпбеков абакта калтырылды

Кыргызстандын спортчулары Кытайда өтө турган Азиянын кум үстүндөгү оюндарына катышат

На русском
13:17, 20-апрель, 2026 302

АКИpress - Кыргызстандын спортчулары Кытайда өтө турган Азиянын кум үстүндөгү  оюндарына катышат.

Алтынчы ирет уюштурулуп жаткан оюндар 22-30-апрель күндөрү Санья шаарында өтөт. Анда спорттун 15 түрү боюнча эркектер жана кыз-келиндер арасында жалпы 62 медаль топтому ойнотулат.

Кыргызстандын атынан спорттун 9 түрү боюнча 40 спортчу барат.

Учурда Кыргызстандын куржунунда бул оюндарда 11 медаль бар. Алар: 1 алтын, 3 күмүш жана 11 коло.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»