АКИpress - Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 21-апрелде Баткен облусунун айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз Талас облусунун айрым жерлеринде, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнү
түнкүсүн +5...+10
күндүз +22...+27
Суусамыр өрөөнү
түнкүсүн 0...-5
күндүз +9...+14
Талас өрөөнү
түнкүсүн +4...+9
күндүз +20...+25
Баткен облусу
түнкүсүн +7...+12
күндүз +22...+27
Ош, Жалал-Абад облустары
түнкүсүн +1...+6
күндүз +13...+18
Ысык-Көл облусу
түнкүсүн -1...+4
күндүз +17...+22
Нарын облусу
түнкүсүн -9...-14
күндүз +1...+6
Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +7...+9, күндүз +24...+26 градус болот.