11:05, 21-апрель, 2026

Айтматов көчөсүндөгү транспорт түйүнү менен Валиханов, Махатма Гандидеги көпүрөнү долбоорлоого уруксат берилди

На русском
12:40, 20-апрель, 2026 338

АКИpress - Министрлер кабинети Бишкек мэриясына 3 көпүрө жана транспорт түйүнүн долбоорлоо жана куруу процесстерин айкалыштырууга уруксат берди.

Министрлер кабинетинин төрагасы А. Касымалиевдин 2026-жылдын 15-апрелиндеги тескемесинде белгиленгендей, айкалыштыруу төмөнкү долбоорлоо жана куруу иштерине тиешелүү:

– Медеров көчөсүн Ч.Айтматов проспектисине чейин транспорттук түйүн куруу аркылуу узартуу;

– Бишкек шаарынын ЖЭБиндеги техникалык каналдын үстүнөн Ч. Валиханов көчөсү боюнча курула турган көпүрө;

– Махатма Ганди көчөсү боюнча Чоң Чүй каналынын үстүнөн курула турган көпүрө.

Объекттерди долбоорлоо жана куруу иштерине Бишкек шаардык мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү департаменти тапшырыкчы болуп аныкталды.

Объекттерди долбоорлоо иштерине «Жол Башат» компаниясы, ал эми курулуш иштерине «Бай Таш Групп» компаниясы подрядчы болот.

Курулуш министрлигине мэрияга долбоорлоо жана курулуш үчүн уруксат документтерин берүүдө, ошондой эле экспертизадан өткөрүү жана бүткөн курулуш объекттерин пайдаланууга берүүдө көмөк көрсөтүү тапшырылды.

Медеров көчөсүн ачуу:

Валиханов көчөсүндөгү «Кайнененин тили» («змейка»):

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»