16:34, 20-апрель, 2026
Учурда окулуп жатат
15:54, 20-апрель, 2026 (19 адам окуп жатат)
«Пито» абакта калтырылды
15:21, 20-апрель, 2026 (17 адам окуп жатат)
Элдар Жакыпбеков абакта калтырылды
14:13, 20-апрель, 2026 (8 адам окуп жатат)
Кара-Суудагы кырсык 5 адамдын өмүрүн алды

Оштун мурдагы жетекчиси Зиядин Жамалдинов камакка алынды

На русском
14:27, 20-апрель, 2026 2591

АКИpress - Бишкектин Биринчи май райондук соту 15-апрелде ИИМдин тергөөчүсүнүн өтүнүчүн канааттандырып, президенттин Ош облусундагы мурдагы өкүлү Зиядин Жамалдиновду камакка алуу жөнүндө чечим чыгарды.

20-апрелде «АКИpress» редакциясына райондук соттун басма сөз кызматы кабарлагандай, Жамалдинов уюшкан топ жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо беренеси боюнча айыпталууда. Ал 10-июнга чейин СИЗО1-ге киргизилди.

«АКИpress» агенттигине булактары билдиргендей, кылмыш иши Жамалдиновдун президенттин Ош облусундагы өкүлү кызматын ээлеп турган маалга байланыштуу.

Жамалдинов 2021-жылдын 22-июлунда президенттин Ош облусу боюнча өкүлү болуп дайындалган. 2023-жылдын 14-апрелинде кызматтык милдеттерин тийиштүү деңгээлде аткарбагандыгы үчүн ээлеген кызматынан бошотулган.

Ошондой эле Жогорку Кеңештин 3, 4 жана 6-чакырылышынын депутаты болгон.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»