14:04, 20-апрель, 2026

ИДП биринчи кварталдын жыйынтыгы боюнча 10,1 пайызга өстү

На русском
12:16, 20-апрель, 2026 201

АКИpress - Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев аппараттык кеңешме өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө 2026-жылдын биринчи чейрегинде өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышы, Вашингтон шаарындагы иш сапар, ошондой эле жазгы талаа иштерине даярдыктын жүрүшү каралды. 

Алдын ала маалыматтарга ылайык, 2026-жылдын январь-март айларындагы ички дүң продукциянын (ИДП) көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10,1%га көбөйүп, 428,6 млрд сомду түздү.

Экономиканын негизги секторлору боюнча өсүш:

- Курулуш: +29,6%;

- Кызмат көрсөтүү чөйрөсү: +7,7%;

- Айыл чарбасы: +2,8%;

- Өнөр жай: +14,0%.

Минкаб башчысы өнөр жайдагы сапаттык өзгөрүүлөргө көңүл бурду. Химиялык продукцияны өндүрүүдө (3,1 эсе), фармацевтикада (1,6 эсе), транспорт каражаттарында (+49,5%), ошондой эле пайдалуу кендерди казып алууда (+30,4%) олуттуу өсүш катталды. Курулуш материалдарын өндүрүү (+39,7%), тамак-аш өнөр жайы (+17,9%), тазартылган мунай продуктуларын өндүрүү (+14,6%) жана негизги металлдарды өндүрүү (+10,5%) туруктуу өсүү көрсөткүчтөрүн көрсөтүүдө.

Отчеттук мезгилде негизги капиталга инвестициянын көлөмү 77,3 млрд сомду түзүп, 25,5%га өстү. Бул динамика ички каржылоо булактарынын 1,2 эсеге жана тышкы булактардын 1,5 эсеге көбөйүшү менен камсыздалды. 

Адылбек Касымалиев Вашингтондогу сапарынын жыйынтыгын чыгарып, эл аралык каржы институттары жана технологиялык корпорациялар менен негизги макулдашууларга жетишилгенин белгиледи.  

Минкаб башчысы бюджеттик пландын так аткарылышынын зарылдыгын белгилеп, тиешелүү мамлекеттик органдарга өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн жазгы талаа иштерин өз убагында жүргүзүүгө көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды. 

Жыйындын соңунда мамлекеттик ведомстволордун жетекчилерине 2026-жылдын экинчи кварталына карата коюлган милдеттерди ишке ашыруу боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»