16:53, 22-апрель, 2026

Орусиянын көзөмөл реестринде 93 миңден ашуун кыргызстандык бар

На русском
11:22, 20-апрель, 2026 331

АКИpress - Орусиянын көзөмөл реестринде 93 миңден ашуун Кыргызстандын жараны бар. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин консулдук бөлүмүнүн башчысы Бакыт Асаналиев «АКИpress» агенттигине берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, реестр күнүнө төрт жолу, тагыраагы ар бир 6 саат сайын жаңыланып турат.

«Бул өзүнчө бир "жандуу" механизм, ошондуктан реестрге кирген жарандардын саны күн сайын өзгөрүп турат. Орусия тараптын 12-мартка карата берген расмий маалыматына ылайык, реестрге 93 миң 693 кыргызстандык киргизилген», - деди ал.

Ошондой эле Бакыт Асаналиев Орусиядагы мекендештерди жаңы миграциялык эрежелер менен кунт коюп таанышууга чакырды. Эгерде документтер өз убагында жана так толтурулбаса же жаңыланбаса, жарандар аталган реестрге кирип калуу коркунучу бар экенин эскертти.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»