11:05, 21-апрель, 2026

«Ред Петролеумдун» башкы директору Акылбек Маматов камактан бошотулду

На русском
10:55, 20-апрель, 2026 630

АКИpress - Бишкектин Биринчи май райондук соту 17-апрелде тергөөчүнүн өтүнүчүн канааттандырып, «Red Petroleum» май куюучу жайлар тармагынын башкы директору Маматов Акылбек Абдимуктаровичтин бөгөт коюу чарасын өзгөрттү. Бул маалыматты «АКИpress» редакциясына райондук соттун басма сөз кызматы тастыктады.

Ишкер эч жакка кетпөө жөнүндө тил каттын негизинде абактан бошотулду.

Ал Кылмыш-жаза кодексинин 41-337-беренесинин 3-бөлүгү (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланууга көмөктөшүү) боюнча шектелүүдө. 15-апрелде Маматов 21-тергөө абагына камакка алынган болчу.

Акылбек Маматов Жогорку Кенештин 5-жана 6-чакырылыштарынын экс-депутаты Абдимуктар Маматовдун уулу.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»