АКИpress - Бишкекте 22-апрелде Туңгуч кичи районунда, ошондой эле Рухий Мурас, Кырман конуштарында суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Суу саат 09:00дөн 21:00гө чейин болбойт. Суунун өчүрүлүшү суу алгычтагы жана шаардык суу түтүк тармактарындагы реконструкция иштерине байланыштуу.