АКИpress - Бишкекте «Daewoo Nexia» унаасынын айдоочусу милициянын токтоо талабына баш ийбей, качууга аракет кылып жатып, кайгуулчуну сүздү. Бул тууралуу Кайгуул кызматынан билдиришти.
Окуя 19-апрелде таңкы саат 05:30 чамасында болгон. Кайгуулчулар унааны токтотууга аракет кылышканда, айдоочу токтобой, качып бара жатып милиция кызматкерин сүзгөн.
«Кырсыктын кесепетинен кайгуулчунун буту сынып, ага биринчи медициналык жардам көрсөтүлдү. Жыйынтыгында айдоочу кармалды». - деп жазылган маалыматта.