13:46, 20-апрель, 2026

Жалпы түрк алфавитин түзүү — бирдиктүү умтулуу катары каралууда, - ТМУнун башкы катчысы

На русском
09:16, 20-апрель, 2026 215

АКИpress - 18-апрелде Түрк мамлекеттери уюмунун (ТМУ) башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев Анталия дипломатиялык форумунун алкагында «Тил жана иденттүүлүктүн кылымы: Баку Түрк конгрессинен Түрк интеграциясына» аттуу панелдик талкууда сөз сүйлөдү.

Анда ал Баку Түрк конгрессинин жүз жылдыгы белгиленип жаткан бул жыл — тарыхый мааниге ээ экендигин баса белгилеп, жалпы түрк алфавитин түзүү — бирдиктүү умтулуу катары каралып жатканын кошумчалады.

«Жалпы тарыхка, тилге жана маданий мураска негизделген бекем бир туугандык байланыштарга таянган уюмдун бүткүл түрк дүйнөсүндө интеграцияны бекемдеген практикалык кызматташтыкты өнүктүрүп жатканы баса белгиленди.

Бай мурасыбызды сактоого, ошол эле учурда жалпы көйгөйлөрдү чечүүгө, экономикалык өсүшкө көмөктөшүүгө жана аймакта тилектештик жана келечектүү кызматташтык аркылуу тынчтыкты жана туруктуулукту камсыз кылууга болгон умтулуусун ырастадык», - деп айтылат анын билдирүүсүндө.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»