АКИpress - Кыргызстандын «Мурас Юнайтед» футбол боюнча Азиянын Чакырык лигасынын жарым финалына чыкты.
Турнирдин 1/4 финалындагы беттеш 19-апрелде Бишкектеги Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо өттү. «Мурас Юнайтед» Ливандын чемпиону «Аль-Ансар» менен ойноп, 3:0 эсебинде ишенимдүү жеңишке жетти. Голдорду Денис Яскович, Алимардон Шүкүров жана Андрей Бацула киргизди.
Эми «Мурас Юнайтед» «Аль-Кувейт» клубу менен беттешет.
Жарым финалдык оюн 22-апрелде Бишкекте өтөт.