21:37, 19-апрель, 2026

Мурда алдамчылыкка шектелген аял кайрадан кармалды

На русском
14:55, 19-апрель, 2026 1522

АКИpress - Бишкек шаарынын Ленин районунун милициясы алдамчылыкка шектелген жаран кармалганын билдирди.

15-апрелде милицияга бир топ жаран кайрылып, О.Н. аттуу жаранга чара көрүүнү суранышкан. Алардын айтымында, ал «Ф.» компаниясы аркылуу дары-дармек үчүн акча алып, бирок товарды бербей, акчаны да кайтарып берген эмес.

Бүгүнкү күнгө чейин милицияга 80ден ашык жаран кайрылды, жалпы материалдык чыгым болжол менен 3 миллион сомду түзөт.

Тергөөнүн жүрүшүндө 1980-жылы туулган О.Н. аттуу жаран кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Тергөө уланууда.

24-мартта ИИМдин басма сөз кызматы 20 миллион сомдук алдамчылыкка шектелген 1980-жылы туулган О.Н.Ч. аттуу жаран кармалганын билдирген.

Милицияга бир жаран «Феникс» компаниясына чара көрүүнү суранып кайрылган. Анын айтымында, бир жыл ичинде кэшбек алуу үчүн 34,5 миң сом берген, бирок алданган.

Андан тышкары аялдын үстүнөн 26 адам даттанган. Зыяндын алдын ала суммасы 20 миллион сомду түзгөн.

Ошол кезде да шектүү катары О.Н.Ч. камакка алынган.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»