АКИpress - Кыргызстан боюнча 20-апрелге аба ырайынын божомолу.
Кыргызгидромет билдиргендей, түн ичинде Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде мезгил-мезгили менен жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарында айрым жерлерде жаан-чачын катуу болот.
Күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде мезгил-мезгили менен жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачынсыз болот.
Абанын температурасы:
Чүй облусу
түнү +3...+8
күндүз +20...+25
Талас облусу
түнү +2...+7
күндүз +18...+23
Баткен облусу
түнү +5...+10
күндүз +21...+26
Ош, Жалал-Абад облустары
түнү +5...+10
күндүз +21...+26
Ысык-Көл облусу
түнү +1...+6
күндүз +13...+18
Нарын облусу
түнү 0...+5
күндүз +12...+17
Бишкекте түн ичинде мезгил-мезгили менен жаан жаайт, күндүз жаан-чачынсыз болот. Түндө абанын температурасы +6...+8, күндүз +21...+23 градус болот.
Чолпон-Атада мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Батыштан шамал 4-9 м/с ылдамдыкта согот. Түндө температура +4...+6, күндүз +13...+15 градус болот.