19:34, 17-апрель, 2026

Милиция кыргызстандык «Бонни менен Клайд» кармалганын билдирди

На русском
16:03, 17-апрель, 2026 876

АКИpress - Баңгизат сатууга шектүү адамдар кармалды, деп билдирди 17-апрелде ИИМдин Баңгизат жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы. 

Милиция кызматкерлери 1995-жылы туулган М.С.А. көптөн бери интернет аркылуу баңгизат сатып жүргөнүн аныкташкан. Ал баңгизат бөлүштүрүү жана аларды сатууга даярдоо менен алектенген. Ошондой эле милиция кызматкерлери 1999-жылы туулган К.к.Ф.нын изине түшүкөн, ал баңгизатты таратуу менен алектенген. ИИМдин Баңгизат жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы аларды «Бонни жана Клайд» деп атады.

Тинтүү учурунда бут кийим кутусунан баңгизат жана психотроптук заттар, ошондой эле электрондук тараза жана башка керектүү буюмдар табылган. Мындан тышкары ашканадан ак түстөгү баңгизат табылган. Анын жалпы салмагы 2 кг 295 граммды түзгөн, анын көмүскө рыноктогу баасы — 10-12 млн сом.

Тергөө уланууда.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»