АКИpress - Кыргызстандын Күрөш федерациясы 2026-жылкы Азия чемпионатында байгелүү орундарды ээлеген балбандарды сыйлады.
Турнир 6-12-апрель күндөрү Бишкек шаарында өттү. Кыргызстандан 29 спортчу катышып, алар 12 медаль — 5 алтын, 1 күмүш жана 6 коло жеңишти.
Алтын медаль жеңгендер: Мээрим Жуманазарова, Афтандил Таалайбек уулу, Раззак Бейшекеев, Акжол Махмудов жана Асан Жанышов 500 миң сомдон,
Күмүш байге ээси Айпери Медет кызы 400 миң сом,
Коло байге уткандар: Нурзат Нуртаева, Гүлнара Таштанбекова, Абдумалик Карачов, Яков Чаплин, Эрназар Акматалиев жана Жакшылык Байташов 300 миң сомдон алышты.
Ошондой эле грек-рим жана кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командалардын машыктыруучулар штабына 500 миң сомдон берилди. Ал эми эркин күрөш боюнча курама команданын машыктыруучулары 300 миң сом алышты.