АКИpress - УКМКнын кызматкерлери чет элдик өнөктөштөр менен биргеликте экстремисттик ишмердүүлүгү үчүн эл аралык издөөдө жүргөн жаранды кармап, Кыргызстанга алып келишти. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Кармалган жаран Ош шаарынын 37 жаштагы тургуну болуп саналат. Ал социалдык тармактар жана мобилдик тиркемелер аркылуу сот тарабынан экстремисттик деп табылган материалдарды таратып, ошондой эле тыюу салынган уюмдардын радикалдык идеологиясын жайылтуу менен алектенген. Анын кайсы өлкөдөн алып келингени ачыкталган жок.
Ош шаарынын тургуну кармалгандан кийин УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Учурда тергөө уланууда.