15:10, 17-апрель, 2026

Таласта «Кырман» соода жайы уруксатсыз курулуп жаткан

На русском
10:06, 17-апрель, 2026 197

АКИpress - Талас шаарында А. Оторбаев көчөсү 241 дарегинде жайгашкан “Кырман” соода жайынын (кампа) курулуш иштеринде мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.

Тактап айтканда курулуш иштерин жүргүзгөн Т.А.А. жер тилкенин категориясын өзгөрткөн эмес. Ошондой эле курулуш тиешелүү архитектуралык-уруксат берүүчү документтерсиз жүргүзүлүп жаткан. 

Буга чейин мыйзам бузууларды жоюу тууралуу эскертүү берилгенине карабастан, талаптар аткарылган эмес. Натыйжада, Т.А.А.га карата мыйзам чегинде тиешелүү чара көрүлүп, аныкталган мыйзам бузууларды жоюу боюнча жазуу түрүндө көрсөтмө берилди.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»