19:58, 17-апрель, 2026

Бишкекте рейд учурунда Россияда издөөдө жүргөндөр кармалды

На русском
09:51, 17-апрель, 2026 407

АКИpress - Бишкекте «Издөө» рейдинин жүрүшүндө кылмыш жасаган деп шектелген 10 адам кармалды, алардын үчөө издөөдө жүргөн. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Ошондой эле дайынсыз жоголгон 7 жарандын жүргөн жери аныкталды.

Андан тышкары Россиянын аймагында издөөгө алынган 4 жаран кармалды. Алар ички иштер органдарына жеткирилди.

Рейд 15-16-апрель күндөрү Ленин районунда өттү.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»