16:26, 16-апрель, 2026

Россия Украинага ракета жана дрондор менен чабуул жасады

На русском
13:23, 16-апрель, 2026 312

АКИpress - 16-апрелге караган түнү Россиянын аскерлери Украинага ракета жана учкучсуз аппараттар менен сокку урду.

Чабуулдар Киев, Харьков, Одесса жана Днепр шаарларына жасалды. Бийликтин маалыматы боюнча, Киевде 4 адам, анын ичинде бир бала каза болуп, дагы 45 адам жаракат алды. Шаардын бир нече районунда кыйроолор катталды. Одессада 7 адам каза болуп, 11 адам жаракат алды. Инфраструктура объекттери, турак үй, башка имараттар жана сейил бак жабыркады.

Харьков да дрондордун чабуулуна кабылды. Шаарда жардыруулар жана өрт болду. Соккулар жарандык инфраструктурага тийген. Алдын ала маалымат боюнча 2 адам жабыркады. Днепрде, украиналык ЖМКлардын маалыматына караганда, дрондор жана баллистикалык ракеталар менен аралаш чабуул жасалды. Анда 2 адам каза болуп, 27 адам жаракат алды. Шаарда турак үйлөр, гараждар, унаалар жана окуу жай жабыркап, айрым жерлерде электр жарыгын берүү үзгүлтүккө учурады.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»