АКИpress - Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 17-апрелге караган түнү көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондорго кар жаашы мүмкүн. Айрым жерлерге жаан-чачын катуу жаайт.
Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 м, айрым жерлерде 15-20 м чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусу
түнкүсүн +3...+8
күндүз +9...+14
Суусамыр өрөөнү
түнкүсүн -1...-6
күндүз +4...+9
Талас өрөөнү
түнкүсүн +1...+6
күндүз +8...+13
Баткен облусу
түнкүсүн +6...+11
күндүз +13...+18
Ош, Жалал-Абад облустары
түнкүсүн +6...+11
күндүз +13...+18
Ысык-Көл облусу
түнкүсүн +2...+7
күндүз +11...+16
Нарын облусу
түнкүсүн +0...+5
күндүз +10...+15
Бийик тоолуу аймак
түнкүсүн -5...-10
күндүз -1...+4
Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 метрден 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +6...+8°, күндүз +12...+14° болот.