АКИpress - «Би-би-си» жакынкы эки жылда 500 млн фунт үнөмдөө үчүн 1800дөн 2000ге чейин кызматкерин кыскартууну пландап жатат. Бул жалпы штаттын болжол менен 10%ын түзөт.
Компания муну инфляция, кирешенин азайышы жана телелицензиядан түшкөн каражаттын төмөндөшү менен түшүндүрдү. Кыскартуулардан улам айрым каналдар же кызматтар жабылышы мүмкүн. Азыр корпорацияда 21,5 миңдей адам иштейт. Анын негизги каржылоосу Улуу Британиядагы милдеттүү телелицензиядан түшөт, бирок аны төлөгөндөр жыл сайын азайып жатат. Учурда жетекчилик өкмөт менен келечектеги каржылоос маселеси боюнча сүйлөшүү жүргүзүүдө.
Өзгөрүүлөр тууралуу кеңири маалымат кийинчерээк берилет. Профсоюздар бул чечимди сынга алып, массалык кыскартуулар «Би-би-синин» ишине жана журналистиканын сапатына терс таасир тийгизерин билдиришти.