16:27, 16-апрель, 2026

Кыргызстан 2027-жылы хоккей боюнча дүйнө чемпионатын өткөрүүгө белсенүүдө

На русском
12:00, 16-апрель, 2026 360

АКИpress - Кыргызстандын хоккей федерациясы 2027-жылкы дүйнө чемпионатын өткөрүүгө арыз берет.

Кыргызстандын курама командасы 2026-жылы экинчи дивизиондо (В тобу), 6-12-апрель аралыгында Болгариянын София шаарында өткөн беттештерге катышты.

Кыргызстандыктар 5-орунду ээлеп, бул дивизиондогу ордун сактап калышты.

Кийинки жылы Кыргызстандын курамасы Израил, Жаңы Зеландия, Исландия жана Болгария командалары менен 2В дивизионунда кайрадан ойнойт. Дагы бир мамлекет Түркия, Босния жана Герцеговина, Мексика, Таиланд, Түштүк Африка жана Түркмөнстан командалары ойногон 3А дивизионунан тандалат.

КРнын Хоккей федерациясынан билдиришкендей, арыз май айында Швейцарияда өтө турган Эл аралык хоккей федерациясынын конгресси учурунда берилет.

Кыргызстан буга чейин 2022-жылы (4-дивизион) жана 2024-жылы (3А дивизиону) дүйнө чемпионаттарын өткөргөн.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»