16:30, 16-апрель, 2026

20-24-апрелде Боомдо кооптуу таштар түшүрүлүп, жол жарым-жартылай жабылат

На русском
11:32, 16-апрель, 2026 292

АКИpress - Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунун 129-чакырымында (темир жолдун 3899-чакырымы) Боом капчыгайында 20-апрелден 24-апрелге чейин кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» Улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасы билдирди.

Иштер күндүз саат 10:00дөн 16:00гө чейин ЖКККББнын кызматкерлери тарабынан жолду жарым-жартылай тосуу аркылуу аткарылат.

Жолду тазалоо учурунда транспорт бир тилке менен багытталат. 30-40тан ашык унаа топтолгон учурда иштер токтотулуп, кыймыл ачылат.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»