АКИpress - Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунун 129-чакырымында (темир жолдун 3899-чакырымы) Боом капчыгайында 20-апрелден 24-апрелге чейин кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» Улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасы билдирди.
Иштер күндүз саат 10:00дөн 16:00гө чейин ЖКККББнын кызматкерлери тарабынан жолду жарым-жартылай тосуу аркылуу аткарылат.
Жолду тазалоо учурунда транспорт бир тилке менен багытталат. 30-40тан ашык унаа топтолгон учурда иштер токтотулуп, кыймыл ачылат.