16:29, 16-апрель, 2026

Ошто таштандыны кайра иштетүүчү завод келерки жылы күздө ишке берилет, - президент

На русском
11:24, 16-апрель, 2026 307

АКИpress - Ош облусунун Ноокат районунун тургундары менен жолугушууда президент Садыр Жапаров Насирдин айылынын тургуну Кутпидин Абдыкаровдун кайрылуусуна жооп берди.

Алар  апта сайын жаш балдар 5 айылдын таштандысын чогултуп, 40 чакырым алыстыктагы жолго ташып барарын айтты. Анын айтымында, таштандылардын арасында медициналык ийнелер да кездешип, гепатит сыяктуу оорулардын жайылышына коркунуч жаратып жатат.

Президент таштанды ташуучу унаа бөлүүнү убадалап, Ош шаарында да Бишкектегидей таштандыны кайра иштетүүчү заводдун курулушу башталганын билдирди.

«Кудайым буюрса, бир жарым жылда бүтүп калат. Келерки жылдын жай же күз мезгилиндеби, иши кылып завод ишке кирет. Ошондо азыркыдай таштандыны талаага, полигонго ташыбай эле, Оштогу заводго түз эле ташыйсыздар», - деген ал Ноокатка облустук фонддон таштанды ташуучу 7 унаа берилип жатканын тактады.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»