16:27, 16-апрель, 2026

Садыр Жапаров прокурорду тилдеген иш боюнча УКМК жооп берди

На русском
11:07, 16-апрель, 2026 10741

АКИpress - УКМК Ош шаардык мэриясындагы жасалма тендерге байланыштуу коррупциялык схема боюнча маалымат таратты.

Ош шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчисинин мурунку орун басары Курсантбек Матиев 14-апрелде Кара-Кулжа районундагы президент менен жолгушууда УКМК кызматкерлеринин үстүнөн даттанган болчу. 

«Матиев кызмат адамдары менен тил табышып алып, Терешкова атындагы №11 мектеп-интернатынын жатаканасынын имаратын бузууда жасалма процедураларды уюштурган. Имаратты бузуу иштери 2022-жылдын июль-сентябрь айларында, тендер өткөрүлүп, келишимдерге кол коюлганга чейин жүргүзүлгөн. Жумуштар белгиленген тартиптен тышкары жеке адамды тартуу менен аткарылган.

Мындан тышкары баасы 7 млн 46 миң 618 сомдук курулуш материалдары мыйзамсыз сатылган. Муну жашыруу максатында материалдарды жараксыз деп табуу жөнүндө акт жасалмаланган.

Мамлекетке келтирилген жалпы зыян 7 млн 713 миң 28 сомду түздү.

Матиев кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу беренеси боюнча жоопкерчиликке тартылган. Ош шаардык сотунун 2025-жылдын 31-октябрындагы чечими менен ал күнөөлүү деп табылып, 300 000 сом айып пул салынган, ошондой эле 6 млн 713 миң 28 сом өлчөмүндөгү зыянды берүүгө милдеттендирилген.

Ош облустук сотунун 2026-жылдын 9-февралындагы токтому менен өкүм өзгөртүүсүз калтырылган.

Учурда соттолгон адамдын кассациялык даттануусу Жогорку сотто каралууда», - деди УКМК.

Ал эми Матиев буларды айткан:

«Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысынын орун басары болуп иштеп жатканда Камчыбек Кыдыршаевич өзү окуган мектепке келет, Терешкова мектебине. Келет дагы, "бул мектепти тез арада бузгула" дейт. Мен тиешелүү документтердин бардыгын тактаткам. ӨКМдин корутундусун, көз карандысыз экспертизанын корутундусун алгам. Мэрдин протоколу чыккан, тез арада бузгула деген. Анан биз бузабыз. Үч жылдан кийин мага иш козгоп жатат. Козгоп эле койбой, мени төрт ай камады. Төрт ай камап, 1 млн сом акча төктүм. Эми бир адамгерчилик кылар ушулар деп 1 млн төксөм дагы чыгарышпады. "Жок, сен акча төлөйсүң, анан кийин чыгасың" деди. Аны кантип эсептеткен? Ошол Терешкова мектебинин жатаканасы 63 жыл мурунку имарат, Садыр Нургожоевич. Ошону тергөөчү Эсептөө палатасынын жөнөкөй эле кызматкерин алып келген дагы, мынча кыш, мынча плита бар деп туруп, аны интернеттен алып, бирөөнүн тагдыры менен ойногон. Интернеттен алып туруп эле баасын коюп, жүйөөсүз эле "сен 7 млн 713 миң сом жок кылгансың" деген».

Садыр Жапаров ага суроо менен кайрылган.

«Терешкова мектеби бузулуп, түп орду менен жок болуп, кайра ордуна андан үч эсе, беш эсе жаңы мектеп курулду го. Анда эмнеге сизге "ущерб" деп жатат?», - деп сурады.

Курсантбек Матиев: «Туура айтасыз, өтө өкүнүчтүү. Камчыбек Ташиев буз десе, бузабыз да».

Садыр Жапаров: «Шаардын прокуратурасы кайра жаңы ачылган жагдай боюнча арыз берсин. Мунун 1 млн сомун кайтартып бергиле, ишин жапкыла. Түшүндүңөрбү? Сот, сиз дагы көзөмөлгө алып коюңуз.

Бул кандай эми? Бул ал жерди бузуп, анан кийин ал жерге андан 10 эсе жакшы мектеп, дагы бир 200 жыл тура турган мектеп... Мен барып ачкам да аны. Анан 1 млн төктүрүп, анан 7 млн талап кылган... Бул кандай адилеттүүлүк? Шаардын прокурору бул жерде мээси тескери айланып калганбы дейм да», - деген Садыр Жапаров.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»