15:31, 16-апрель, 2026

Актауга кулаган учак: Россия Азербайжанга кенемте төлөйт

На русском
10:22, 16-апрель, 2026 311

АКИpress - Россия менен Азербайжан Актаунун жанында кулаган «AZAL» авиакомпаниясынын учагына байланыштуу кенемте төлөө боюнча макулдашышты. Бул тууралуу эки өлкөнүн Тышкы иштер министрликтеринин биргелешкен билдирүүсүндө айтылат.

Маселе Азербайжандын жана Россиянын президенттеринин 2025-жылдын 9-октябрында Дүйшөмбү шаарында өткөн «Борбор Азия – Россия» саммитинин алдындагы жолугушуусунда кабыл алынган макулдашуулардын негизинде чечилди.

«Тараптар 2024-жылдын 25-декабрында Россиянын аба мейкиндигинде кокусунан аракетке келген абадан коргонуу системасынан улам Азербайжандын "AZAL" авиакомпаниясына таандык Embraer 190 учагына зыян келип, Актау шаарына жакын жерде кулагандыгына байланыштуу кенемте төлөө маселесин жөнгө салууга жетишти», - деп айтылат билдирүүдө.

Билдирүүдө тараптар өлкөлөр ортосундагы мамилелерди мындан ары чыңдоого жана өз ара кызматташтыкты кеңейтүүгө ишеним артаарын билдиришти.

2024-жылдын 25-декабрында Embraer-190 учагы Бакудан Грозныйга учуп бара жатканда Казакстандын Актау шаарынын аймагына кулаган. Учактын бортунда 5 экипаж мүчөсү жана 62 жүргүнчү болгон. Владимир Путин Илхам Алиев менен болгон сүйлөшүүдө кырсыктын себептерин украиналык учкучсуз учактар ​​менен байланыштырган: Россиянын абадан коргонуу системасы тарабынан учурулган эки ракета учакка түз тийбей, болжол менен андан 10 метрдей аралыкта жарылып кеткен. Авиакатастрофанын кесепетинен 38 адам каза болгон.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»