15:40, 16-апрель, 2026

Облус, райондор жоюлуп, 20 округ түзүлөт, - Садыр Жапаров

На русском
09:58, 16-апрель, 2026 4225

АКИpress - Өлкө 20 округга бөлүнөт, деди президент Садыр Жапаров 15-апрелде Ош облусунун Ноокат районунун тургундары менен жолугушуу учурунда.

«Мурда 465 айыл өкмөтү болсо, бүгүнкү күндө 231 айыл өкмөт болду. Жарымын, 50% кыскарттык. Ушуну менен миллиарддаган сом үнөмдөдүк. Мурда эки айыл биригип туруп, бир айыл өкмөтү болуп алган айылдар бар болчу. Эки айыл биригип туруп эле, бир айыл өкмөтү болуп, аппараты бар, машинасы бар, бензинин бериш керек, эмгек аксын бериш керек, кыштын күнү жылытыш керек эле. Ошонун бардыгы эконом болду. Эмне үчүн дегенде, заман талабы ошондой. Мурда, мисалы, айыл өкмөткө базар сайын барып, справка алып, жылкы сатам, уй сатам, кой сатам десеңер, же болбосо семейный справка керек десеңер, күндө айыл өкмөткө барчусуңар. Азыр андай жок, туурабы? Мындай жок болуп баратат. Андайды сурабайт, барып-барып, дагы 5-10 жылдан кийин кагаз ишинен дагы кетебиз. Үй сатсаңар дагы, машина сатсаңар да, сатып алсаңар да, үйүңөрдө отуруп алып, интернеттен оформить этип коёсуңар. Мурункудай ЦОНдорго барбайсыңар. Азыр кары-картаң кишилер, компьютерди түшүнбөгөн кишилер эле барбаса, 50гө чейинкилердин бардыгы үйүндө отуруп алып жасайт. Мурда машина сатып алсаң же үй сатып алсаң, нотариуска барчусуң. Андан алып анан "Кадастрга" барчусуң, анан переоформить этип, очередде жүрчүсүң эки-үч күн. Туурабы, туура эмеспи?

Ошон үчүн айыл өкмөтүбүз биздин айылдан алыс болуп калды, антип калды, минтип калды деп арызданбайлы. Андан көрө ушуга макул болуңуздар. Бул реформанын биринчи этабы, экинчи этабы бар дагы, эки-үч жылдан кийин жасайбыз.

Азыр республикада 44 район, 33 шаар бар. Бардык райондор жоюлуп, жыйырмадай округ калат. Мындайча 20 облус деп айтып койсок болот. Ошого барабыз, бирок алдыда 2-3 жыл убакыт бар.

Биринчи бир округду түзүп туруп, пилоттук долбоор кылып көрөбүз. Ийгиликтүү болуп кетсе, облустарды жоюп туруп, округдарга бөлүп коёбуз. Айыл өкмөттөрдү бириктиргенибиз — реформанын биринчи этабы», - деди ал.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»