04:16, 16-апрель, 2026

4 млн сомго жакын алдамчылыкка шектелгендер кармалды

На русском
21:26, 15-апрель, 2026 578

АКИpress - Алдамчылыкка шектелгендер кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

3-мартта милицияга эркек киши арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 2-мартта белгисиз адамдар өздөрүн мамлекеттик органдардын (анын ичинде «Түндүк», Улуттук банк жана ИИМ) кызматкерлери катары тааныштырып, кайра кайтарып берүү убадасы менен акча алышкан. Алар жабырлануучуну соода борборлорундагы төлөм терминалдары аркылуу акча которууга көндүрүшкөн. Келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 3 млн 935 миң сомду түзгөн.

Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголуп, шектүү катары 1998-жылы туулган М.А., 2001-жылы туулган А.А. жана 2007-жылы туулган Ч.К. кармалды.

Учурда тергөө жүрүп жатат.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»