19:45, 15-апрель, 2026
Учурда окулуп жатат
18:09, 15-апрель, 2026 (7 адам окуп жатат)
Си Цзиньпин Трамптын айыптоолорун четке какты
09:45, 15-апрель, 2026 (5 адам окуп жатат)
Эдил Байсаловдун ордуна ким дайындалды?
15:03, 15-апрель, 2026 (5 адам окуп жатат)
ИИМ Чыңгыз Айдарбеков боюнча жаңы маалымат таратты

Токмоктогу мыйзамсыз көчмө зоопарктан алынган жаныбарлар Караколго жеткирилди

На русском
18:02, 15-апрель, 2026 244

АКИpress - Токмок шаарындагы мыйзамсыз көчмө зоопарктан алынган жаныбарлар Каракол шаарына жеткирилип, зоопаркка жана реабилитациялык борборго жайгаштырылды.

Мурда кабарлангандай, 13-апрелде Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй облустук башкармалыгынын кызматкерлери рейд учурунда мыйзамсыз көчмө зоопаркты аныкташкан. Текшерүүнүн алкагында, жаныбарлардын документтери болбогону, аныкталып алар убактылуу реабилитациялык борборго алынган.

Жаныбарлардын арасында – африкалык арстан, күрөң аюу, канадалык карышкыр, кенгуру, эки өркөчтүү төө, маймыл, төө куш, кара жору, үкү, чөл бүркүтү, ошондой эле төрт карышкыр жана үч чөө бар.

«Бугу Эне» коомдук фондунун маалыматы боюнча, бардык жаныбарлар Караколго аман-эсен жеткирилип, үкү жана чөл бүркүтү реабилитациялык борбордун аймагына, калгандары зоопаркка жайгаштырылды.

Жаныбарларга карантин, кылдат камкордук жана тиешелүү тамактануу зарыл. Аларды багуу боюнча бардык чыгымдарды фонд моюнга алды. Мекеменин камкордугунда 200дөн ашуун жаныбар бар.

Уюм жарандарга жардам сурап кайрылып, жаныбарларды реабилитациялоо үчүн бардык аракеттерди көрөрүн билдирди.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»