АКИpress - Талас шаарында «Баластан» балдар үчүн көңүл ачуу борборунун курулушу уланууда.
Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, учурда курулуш иштеринин 45%ы аткарылды.
Долбоор мамлекеттик бюджеттин эсебинен ишке ашырылууда, курулуш иштери 2025-жылдын ноябрь айында башталган. Жалпы аянты 6,5 гектарды түзгөн комплексте 9 корпус болот жана ал шаардын маданий-экономикалык борборуна айланат.
Анын аймагында аттракциондор, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар үчүн атайын оюн аянтчалары, кинотеатр, конгресс-зал жана коомдук тамактануучу жайлар каралган.
Курулуштун жүрүшүн «Кыргызкурулуш» мамлекеттик ишканасы көзөмөлдөп, объектти бүткөрүү жыл аягына пландалган.
⛶