01:03, 16-апрель, 2026

Тышкы иштер министри менен ЖККУнун башкы катчысы жолугушту

На русском
17:07, 15-апрель, 2026 161

АКИpress - 15-апрелде Бишкекте тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Жамаатык коопсуздук келишим уюмунун башкы катчысы Таалатбек Масадыков жолугушту.

ТИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, тараптар учурдагы эл аралык кырдаал жана уюмдун жоопкерчилик аймагындагы абалдын өнүгүшү боюнча пикир алышты.

Башкы катчы учурдагы кырдаал жана келип чыккан чакырыктарга жооп кайтаруунун мүмкүн болгон ыкмалары тууралуу маалымат берди. Анын ичинде быйыл июнь айында Казан шаарында пландалган ЖККУнун Тышкы иштер министрлер кеңешинин кезектеги жыйынына даярдык көрүү маселелери, ошондой эле катчылыктын ишмердүүлүгү жана ушул жылга пландалган иш-чаралар тууралуу баяндалды.

Мындан тышкары тараптар заманбап чакырыктарга жана коркунучтарга каршы аракеттенүү жаатында ЖККУнун Шанхай кызматташтык уюму, Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги жана Бириккен улуттар уюму сыяктуу эл аралык жана регионалдык түзүмдөр менен өз ара аракеттенүүсүн мындан ары тереңдетүү маселелерин талкуулашты.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»