02:44, 16-апрель, 2026

Эми балдарга ата-эненин экинчисинин макулдугу жок паспорт алууга болот

На русском
18:46, 15-апрель, 2026 523

АКИpress - Жогорку Кеңеш 15-апрелде үчүнчү окууда 16 жашка чейинки балдарга жалпы жарандык паспортту тариздөө процессин жеңилдеткен мыйзам долбоорун кабыл алды.

Эми паспорт айрым учурларды кошпогондо, ата-эненин же мыйзамдуу өкүлдүн бирөөсүнүн арызынын негизинде, экинчисинин сөзсүз макулдугу болбосо да таризделиши мүмкүн.

Максат - бюрократиялык тоскоолдуктарды жана бала экинчи ата-энесинин жоктугунан паспорт ала албай калган жагдайларды жоюу.

Бирок Кыргызстандын чет мамлекеттердеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери тарабынан паспорт таризделгенде мурдагыдай эле эки ата-эненин тең макулдугу талап кылынат, ал эми бирөөсүнүн арызы болбогон учурда, соттун чечиминин негизинде таризделет.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»