05:53, 16-апрель, 2026

Бишкекте Россиянын унааларын мыйзамсыз каттоо учурлары аныкталды

На русском
16:28, 15-апрель, 2026 578

АКИpress - Президенттин иш башкармасына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордун «Биримдик-24» бөлүмүнүн айрым кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз каттоо фактысы аныкталды.

УКМК билдиргендей, автотранспорт каражаттарын каттоодо кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу фактылары катталды.

«Айрым жарандар борбордун кызматкерлери Ш.А.А., М.Д.М. жана Ш.у.К. менен сүйлөшүп алып, акча үчүн Россия Федерациясында каттоодон чыгарылбаган автотранспорт каражаттарын мыйзамсыз түрдө катташкан», - деп айтылат расмий маалыматта.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»