20:31, 15-апрель, 2026

Рейддерден кийин Россиядан 6 миң чет элдик жаран чыгарылмай болду

На русском
16:15, 15-апрель, 2026 352

АКИpress - Россияда март айында мыйзамсыз миграцияга каршы жүргүзүлгөн рейддерден кийин өлкөдөн болжол менен 6 миң чет элдик жаранды чыгаруу чечими кабыл алынды. Бул тууралуу ИИМдин өкүлү Ирина Волк билдирди.

Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында дээрлик миңге жакын кылмыш иши козголуп, издөөдө жүргөн 138 адам аныкталган. Дагы 7,7 миң чет элдик жарандын Россияга киришине тыюу салынды.

Мындан тышкары 48 миң административдик мыйзам бузуу аныкталды. 26 миңден ашуун мигрант жоопкерчиликке тартылып, алардын 24 миңи милдеттүү түрдө манжа изин тапшырып, сүрөткө түштү.

Март айындагы рейддер өлкөнүн бардык аймагында өткөн. Ага ИИМ, Федералдык коопсуздук кызматы жана Росгвардия кызматкерлери катышкан. Текшерүүлөр транспортто, базарларда, кампаларда, өнөр жай аймактарында жана чет элдиктер жашаган жерлерде жүргүзүлгөн. Жалпысынан 130 миңден ашуун объект текшерилген.

Иш-чарага 60 миңге жакын полиция кызматкери, ошондой эле дрондор жана башка заманбап техникалар тартылган. Өлкөнүн Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, 2025-жылы Россиядан 72 миң чет элдик жаран чыгарылган. Бул көрсөткүч дагы өсүшү мүмкүн, анткени Мамлекеттик дума депортациянын негиздерин 22ден 43кө чейин көбөйтүүнү сунуштап жатат. Жаңы негиздердин катарына коомдук тартипти бузуу, полиция же Росгвардиянын талабына баш ийбөө, транспорт менен инфратүзүмдүн ишине тоскоолдук кылуу, ошондой эле интернетке коомдук адеп-ахлакка каршы, армияны дискредитациялаган же Россияга каршы санкция киргизүүгө чакырган материалдарды жарыялоо кириши мүмкүн.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»