02:24, 16-апрель, 2026

Президент Ноокат элинин суроолоруна жооп берди

16:10, 15-апрель, 2026 283

АКИpress - Садыр Жапаров бүгүн, 15-апрелде Ош облусуна караштуу Ноокат районунун активи жана тургундары менен түз диалог өткөрдү. 

Жолугушуунун жүрүшүндө тургундар таза суу менен камсыздоо, жол инфраструктурасынын абалы, мектеп жана бала бакчаларды куруу жана иштетүү, ошондой эле жер тилкелерин каттоо жана мүлктүк талаш-тартыштарды чечүү маселелерин көтөрүштү.

Жарандардын укуктарын коргоо маселелерине, анын ичинде курулуш компанияларынын ишине, соттук териштирүүлөргө жана укук коргоо органдарынын ишине байланыштуу маселелерге көңүл бурулду. Муну менен катар калктын социалдык жактан аялуу катмарларын колдоо, турак жай менен камсыз кылуу, ошондой эле этникалык кыргыздар үчүн документтештирүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча кайрылуулар болду. 

Диалогдун жүрүшүндө билим берүү системасын өнүктүрүү, окутуу усулдарын өркүндөтүү, педагогдордун эмгегин таануу, ошондой эле маданий демилгелерди жүзөгө ашыруу маселелери көтөрүлдү. Айрым кайрылуулар санитардык абалга, калктуу конуштарды көрктөндүрүүгө жана көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жакшыртууга байланыштуу болду.

Президент эл менен түз диалогдун маанилүүлүгүн белгилеп, бардык айтылган маселелер системалуу жана өз убагында чечүүнү талап кыларын билдирди. 

Садыр Жапаров 10-майдан баштап бардык айыл өкмөттөрдө эл менен жолугушуу өткөрүлөрүн айтты. Ага жергиликтүү бийлик органдарынын, укук коргоо жана сот органдарынын жетекчилери катышат. Бул иш жарандардын кайрылууларына түздөн-түз жеринде ыкчам жооп берүү үчүн уюштурулууда.

Жолугушуунун жыйынтыгында мамлекет башчысы тиешелүү түзүмдөргө көтөрүлгөн маселелерди ар тараптуу иштеп чыгуу, зарыл чараларды көрүү жана жарандардын укуктарынын сакталышына жана социалдык маанилүү долбоорлордун ишке ашырылышына көзөмөлдү күчөтүү боюнча тапшырмаларды берди.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»