02:24, 16-апрель, 2026

Садыр Жапаров ноокаттыктарга эмне деди?

16:07, 15-апрель, 2026 523

АКИpress - Садыр Жапаров бүгүн, 15-апрелде Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ноокат районунун тургундары жана активи менен жолукту.

Мамлекет башчысы сөз сүйлөп, заманбап жолдор, сапаттуу билим берүү, жеткиликтүү медицина жана өнүккөн инфраструктура – элдин татыктуу жашоосу үчүн негизги шарттар экенин белгиледи.

“Ноокат районунда акыркы 5 жылда 123 чакырым жолго асфальт басылыптыр. Дагы 91 чакырым жолду оңдоп-түзөө иштери башталат, анын 39 чакырымы курулуп бүтөт. 

Үстүбүздөгү жылы Ноокатта спорт комплекси, спорт зал, көркөм өнөр мектеп-интернаты баштаган бир катар социалдык обьектилер курулмакчы”, - деди президент.

Мамлекет башчысы саламаттык сактоо тармагына токтолуп, аймактарда бул багытта системалуу иштер жүрүп жатканын белгиледи.

“Кадр жетишсиздигин азайтуу багытында дарыгерлердин эмгек акыларын көтөрүү, кадыр-баркын сактоо сыяктуу шарттарды түзүүгө басым жасалууда. Көк-Жар айылындагы 100 орундуу жана Жаңы-Базар айылындагы 40 орундуу ооруканалардын курулушу жүрүп жатат”, - деди ал.

Президент билим берүү маселелерине токтолуп, тармакты модернизациялоо боюнча көрүлүп жаткан чараларды белгиледи.

“Окуу жылынын башталышы менен жалпы билим берүү мектептеринде эмгектенип жаткан 2743 мугалим ноутбук менен камсыздалды. Мындан тышкары республикалык бюджеттин эсебинен 4 мектеп жана 1 бала бакча курулууда”, - деди президент. 

Ал сугат жерлердин жалпы аянты 16 миң гектарды түзөрүн белгилеп, бул багытта комплекстүү иштер жүрүп жатканын айтты.

“Ирригация маселелерин чечүү үчүн Каримберди каналын куруу, Абшир-Сай БДРин куруу, Федоров каналын реабилитациялоо жана башка долборлоор боюнча иштер жүрүп жатат”, - деди президент.

Айыл чарбасын колдоо жөнүндө сөз кылып жатып, ал мамлекет фермерлерге жана айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө каржылык жардам көрсөтүүнү улантып жатканын белгиледи.

“Ноокаттын дыйкандары менен фермерлери “Айыл чарбасын каржылоо-14” долбоорунун алкагында 42 млн сом насыя алышыптыр. Ошол эле учурда дыйкандар тарабынан насыянын көлөмүнүн аздыгы көтөрүлүп жаткандыктан, жеңилдетилген каржылоо программасына кошумча каражаттар бөлүндү”, - деди ал.

Андан соң мамлекет башчысы таза суу менен камсыздоо маселесине да токтолуп, бул жааттагы оң динамиканы белгиледи.

“Ноокат районунда 99 айылдын 42си таза суу менен камсыздалган. Бүгүнкү күндө калган 46 айылда таза суу системасын калыбына келтирүү жумуштары башталды. Ал эми Ноокат шаарын таза суу менен камсыздоо долбоору ушул жылы аяктайт. Ошол эле маалда саркынды сууларды чыгаруу долбоорлору башталат”, - деп билдирди ал.

Мамлекет башчысы райондо өнөр жай тармагы да өнүгүп жатканын белгиледи.

“Өткөн жылы Ноокат районунда көмүр казуу, энергетика жана шире өндүрүү тармактарында 4 ишкана ачылды. Быйыл дагы 3 ишкананы ишке киргизүү пландалууда”, - деди ал жана бул жергиликтүү бюджетке түшүүлөрдү көбөйтүүгө жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө мүмкүндүк берерин кошумчалады.

Сөзүнүн аягында мамлекет башчысы райондун мындан аркы өнүгүүсүнө ишеним билдирди.

“Эгерде бардык тармактарда системалуу жаңыланууну улантсак, жакынкы жылдары Ноокат Кыргызстандагы өнүккөн, жашоого ыңгайлуу жана туристтер үчүн жагымдуу аймактардын бири болот”, - деди ал.

Андан соң жолугушуу суроо-жооп форматында уланды.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»