03:58, 16-апрель, 2026

«Манастын» аймагы аркылуу жол салуу — президенттин «Жашыл мурас» долбооруна каршы келет, - депутат

На русском
16:05, 15-апрель, 2026 622

АКИpress - Бүгүн, 15-апрелде Жогорку Кеңештин отурумунда депутат Табылды Муратбек уулу Бишкек мэриясынын Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Ч.Айтматов атындагы кампусунун аймагы аркылуу Б.Миңжылкиев көчөсүн ачуу демилгесин кайра карап чыгууну сунуштады.

Учурда социалдык тармакта демилгенин тегерегинде жандуу талкуу болуп жаткан учур.

«Чындыгында бүгүнкү күндө 500 миңден ашык унаа каттаган Бишкек шаарында тыгын маселеси — чоң көйгөй. Андан сырткары аймактардан келип-кеткен унаалар көп. Мэрия тарабынан жол тыгынын азайтуу боюнча иш-аракеттер жакшы жүрүп жатат. Ал аракеттерди колдойбуз. Жаңы жолдорду ачууда бир нерсени эске алып коюшубуз керек. Жөн гана жол ачуу — тыгын маселесин чечпейт. Башка жактарын да эске алышыбыз керек. Жакында эле Өзбекстандын Ташкент шаарына бардык. Чындап суктанарлык жашыл шаар экен. Шаарда 5 млн адам жашаса дагы тыгын жок экен. Бул баягы шаар курууда, шаар пландоодо максаттуу, пландуу иш-аракеттер жүргөнүн көргөзүп турат. Биз да ошол жагынан үлгү алышыбыз керек.

"Манас" университетинин кампусуна кайта турган болсок, ал жердеги кампус бул бир гана студенттер үчүн эмес, ошол жалпы Жалда жашаган тургундар үчүн бир өзгөчө жашыл аймак, эс ала турчу жай. Мындай айтканда ошол райондун өпкөсү сыяктуу жер. Мэрияга кайрылып кетем: биз өнүгүүгө каршы эмеспиз, жол тыгынды азайтууга каршы эмеспиз. Бирок, бар турган инфраструктураны талкалап жол салып өтүү — "Жашыл мурас" долбооруна каршы келе турган аракет. Башка бир альтернативаларды карап көрүүнү сунуштайт элем.

Эч болбоду дегенде, кампустун четинен айланып өтө турган жол болсо, же болбосо жер алды менен жолдорду караса деп сунуштайт элем. Ошон үчүн демилгени кайрадан карап чыгып, заманбап, билимге каршы келбей турган жолду кароону суранам. Билим үчүн түзүлгөн шартты, инфраструктураны талкалоого жол бербешибиз керек!», - деген депутат маселе боюнча протоколдук тапшырма берүүнү өтүндү.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»