АКИpress - Бишкектин Калинин көчөсүндөгү көпүрөнү реконструкциялоо иштери аяктап, жол унаа кыймылы үчүн ачылды.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдиргендей, оңдоо иштери Жибек Жолу жана Береговая көчөлөрүнүн ортосунда жүргүзүлдү.
Лебединовка—ГЭС-5 унаа жолунун жалпы узундугу 5,1 чакырымды түзөт. Реконструкциялоонун алкагында жол 2 тилкеден 4 тилкеге чейин кеңейтилип, тышкы жарыктандыруу орнотулду. Ошондой эле көпүрөнүн эки тарабына тротуар салынып, жөө жүргүнчүлөр үчүн өзүнчө көпүрө курулду.