17:10, 15-апрель, 2026

Лебединовка—ГЭС-5 жолундагы көпүрө ачылды

На русском
15:20, 15-апрель, 2026 262

АКИpress - Бишкектин Калинин көчөсүндөгү көпүрөнү реконструкциялоо иштери аяктап, жол унаа кыймылы үчүн ачылды.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдиргендей, оңдоо иштери Жибек Жолу жана Береговая көчөлөрүнүн ортосунда жүргүзүлдү.

Лебединовка—ГЭС-5 унаа жолунун жалпы узундугу 5,1 чакырымды түзөт. Реконструкциялоонун алкагында жол 2 тилкеден 4 тилкеге чейин кеңейтилип, тышкы жарыктандыруу орнотулду. Ошондой эле көпүрөнүн эки тарабына тротуар салынып, жөө жүргүнчүлөр үчүн өзүнчө көпүрө курулду.

 

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»