01:09, 16-апрель, 2026

Кандай жетекчи ушундайга барат!, - президент 3 адамга берилген 1 жер тилке боюнча

На русском
15:19, 15-апрель, 2026 832

АКИpress - Кечээ, 14-апрелде президент Садыр Жапаров Кара-Кулжа районунун тургундары менен жолугушуу учурунда жерди туура эмес трансформациялап, жарандарга зыян тарттырткандарды башкаларга сабак болуш үчүн камоо керектигин билдирди.

Жергиликтүү тургун Зарылбек Жусубалиев 15 жыл мурун Ош шаарынан 4 сотых жер сатып алып анда жашап келгенин, 2023-жылы прокуратура тарабынан жер тилкеге карата эки токтом чыгып калгандыгы тууралуу билдирүү келгенин маалымдады.

«Чындыгында биздин токтом биринчи чыккан, кызыл китепти да биз биринчи алган экенбиз. Үйдү дагы салганбыз. Биз ак ниеттүү сатып алуучубуз. Cоттон биздин чечимибизди жокко чыгарды. Акыркы бир үмүтүбүз Жогорку сот гана калды», - деди.

Башкы прокурордун орун басары Малик Бектурганов маселе боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгында тергөө жүрүп жатканын айтты.

- Садыр Жапаров: «Эгерде 100% бул жигиттин айтканындай болсо, эмне болушу керек?»

- Малик Бектурганов: «Иш козголушу керек, иш тергелиши керек» 

 - Садыр Жапаров: «Жок, сен жергиликтүү бийликке айыл өкмөткө, муниципалдык кызматкерби, мэрби, ошого козгойсуң ишти, туурабы? А жер кимге тийиш керек өзү? Сот тигил экинчи чыкканга чечип берип койду деп жайтпайбы. Адилеттүүлүк боюнча эмне болуш керек, сот айтыңызчы кана?»

- Сот: «Биринчи чыккан токтомдогу адам — ээси»

- Садыр Жапаров: «Вот, мына ошондой болуш керек. Туурабы? Эгерде бул кишинин айтканы 100% чын болсо, буга калтыргыла дагы, экинчи токтомду жок кылгыла. А ким берген болсо, үстөккө-босток кылып туруп, аны алып барып камаш керек.  Бирөөнө жаза — миңге сабак болот ошондо. Мындай мындай токтомдор аябай көп экен. Бишкекте, Сокулук районунда, Ошто орустар айткандай "на каждом шагу". Ошолордун баарын иретке келтиргиле. Акчаны алып туруп, биринин үстүнөн экинчисине бере берген факттар бар экен.

Мен таң калам ушуну, кантип ошондой кылып берет. Колунда документи бар, жерин билбейт. Берип коёт экен: мына тээтиги Өзгөндөн сага могунча жер деп. А кайсы жер? Мындай казык кагып, мына могу жер сеники деген нерсе жок. Үч кожоюн бар бир жерге, үч кожоюнга берип коё берет экен бир жерге, ай. Ушу кандай жетекчилер ушундайга барат дейм да!»

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»