19:19, 15-апрель, 2026

Президент Ноокат районун өнүктүрүү пландары менен таанышты

На русском
15:01, 15-апрель, 2026 198

АКИpress - Бүгүн, 15-апрелде президент Садыр Жапаров Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ноокат районун өнүктүрүү пландары менен таанышты.

Мамлекет башчысына райондун социалдык-экономикалык өнүгүү көрсөткүчтөрү тууралуу маалымат берилди. Аким Данияр Шейшеканов өткөн жылы 11 социалдык объект курулуп, 128,5 км жол салынып жана оңдолгонун, 5 айыл жана 1 шаар таза суу менен камсыз болгонун белгиледи.

Президенттин админстрациясынын басма сөз кызматы билдиргендей, учурдагы жылга карата дагы 19 социалдык объекттин курулушу пландалууда. Алардын катарына мектеп, бала бакча, спорт залдар жана фельдшердик-акушердик пункттар кирет.

Мындан тышкары кубаттуулугу 600 кВт болгон «Курак-Тектир-2» чакан ГЭСи ишке берилген. Азыркы учурда ар бири 7,93 МВт кубаттуулуктагы «Ноокат-1» жана «Ноокат-2» гидроэлектрстанцияларынын курулушу уланууда.

Ошондой эле 12 ири ишкананы ачуу пландалууда, анын ичинде кирпич жана асфальт-бетон заводдору, тигүү цехи жана жашылча-жемиш сактоочу заманбап кампа бар.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»