23:14, 15-апрель, 2026

«Технодом» компаниясынан 3 миллион сомдон ашык карыз өндүрүлдү

На русском
14:56, 15-апрель, 2026 264

АКИpress - Бишкек шаарынын Октябрь районундагы сот аткаруучулар «Технодом Оператор» ЖЧКсынан салыктык карызын өндүрүштү.

Карыздын суммасы 3 млн 53 миң 50 сом 56 тыйынды түзгөн, ошондой эле 4236 сом өлчөмүндөгү мамлекеттик алымды өндүрүү каралган.

Мажбурлоо чараларынын натыйжасында карыз толугу менен өндүрүлгөн. 

Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, «Технодом Оператор» ЖЧКсына чет элдик тарап да ээлик кылат. Компания 2015-жылы катталып, 2024-жылы кайра каттоодон өткөн. Жетекчиси – Хегай Владимир Александрович, ал эми ээлери «Technodom Operator» акционердик коому жана Ким Ирина болуп саналат.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»