АКИpress - Акыркы күндөрү коомдук жайларда айдоочулардын ортосунда чыр-чатактардын көбөйүп кеткендигин 15-апрелде «Сводка АКИpress» басылмасынын редакциясына Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнүн башчысы Мирбек Аралов билдирди.
Ал милиция социалдык тармактарды мониторинг кылып, аныкталган бардык факттар боюнча тергөөгө чейинки текшерүүлөр жүргүзүлүп жатканын белгиледи.
«Эгер тараптар бири-бирине арыз жазбаса да, жоопкерчилик баары бир жүктөлөт», - деди Аралов.
Анын айтымында, мындай факт боюнча КРнын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренеси (майда бейбаштык) менен протоколдор түзүлүп, материалдар сотко жөнөтүлөт.
«Көбүнчө жазалоо 3 күндөн 5 суткага чейинки административдик камакка алууну карайт. Мыйзам бузгандардын арасында мамлекеттик кызматкерлер да бар. Мисалы, алар жумушунан айрылышы мүмкүн. Ошондуктан абалды мыйзам бузууга чейин жеткирбей, жарандар бири-бирин сыйлап жүрүүсү маанилүү», - деди ал.