22:16, 15-апрель, 2026

Бишкекте таксист айымга тийишкен жүргүнчү кармалды

На русском
14:55, 15-апрель, 2026 531

АКИpress - Бишкекте таксист айым менен болгон жаңжалдан кийин майда бейбаштыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу 15-апрелде Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Айдоочунун айтымында, окуя С.Каралаев көчөсүнөн башталган. Түнкү клубдан мас абалда чыккан жүргүнчү сапар учурунда аялга орунсуз сүйлөп, тийише баштаган. Айдоочунун эскертүүсүнө карабай, жүргүнчү жол акысын QR-код менен төлөйм деген шылтоо менен аялдын ийинине колун тийгизип, одоно мамилесин уланткан.

Бул факт Свердлов РИИБдин маалыматтарды каттоо журналына катталып, 11-апрелде шектүү катары 1974-жылы туулган К.Ж. аттуу жаран кармалды.

Ага карата Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 126-беренеси (Майда бейбаштык) боюнча протокол түзүлүп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Тергөө жүрүп жатат.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»