18:23, 15-апрель, 2026

Президент Зулушевдин дарегине айтылган кайрылуудан кийин УКМКга тапшырма берди

На русском
14:52, 15-апрель, 2026 1343

АКИpress - Президент Садыр Жапаров Өзгөн районунун тургуну жана «Бал-Көчөт» акционердик коомунун директору Аттокур Бусурманкуловдун мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушевге карата Дөң-Булак айылындагы 40 гектар жер боюнча арызын текшерүүнү УКМКга тапшырды.

Бул тууралуу президенттин Өзгөн районунун тургундары менен жолугушуусунда айтылды.

Бусурманкулов акционердик коом 1995-жылы түзүлгөнүн жана 2021-жылга чейин иш алып барганын түшүндүрүп, учурунда Зулушев көп жылдык дарак тигилген 40 га жерди жана имараттарды рейдерлик жол менен тартып алганын кошумчалады.

Президент УКМКнын төрагасынын орун басары Алишер Эрбаевге кайрылып, арызды текшерүүнү тапшырды.


Маалымат үчүн:

Курманкул Зулушев 2020-жылдын октябрынан 2024-жылдын июнь айына чейин башкы прокурор кызматын аркалаган.

Андан соң, 2025-жылдын 17-декабрынан 2026-жылдын 13-мартына чейин Жогорку Кеңештин депутаты болуп, конституциялык мыйзам, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана регламент боюнча комитеттин төрагасы болуп иштеген.

Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, «Бал-Көчөт» ачык акционердик коомунун жетекчиси Аттокур Бусурманкулов, компаниянын 116 уюштуруучусу бар.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»